AhlulBayt News Agency

source : uma.nahad
Sunday

27 December 2015

12:10:32 PM
727141

Full Text;

Second Message of Ayatollah Khamenei to the Western Youth in Kyrgyz

Second Message of Ayatollah Khamenei to the Western Youth in Kyrgyz.

Азирети Аятолла Хаменеинин батыш жаштарына жолдогон каты

Азирети Аятолла Хаменеи батыш өлкөлөрүнүн бардык жаштарына Францияда болгон террористик окуя тууралуу бирге ой жүгүртүүнү сунуштады жана терроризмдин ачуу натыйжалары менен Израиль өкмөтүнүн террордугу да Ислам дүйнөсүндөгү айрым бийлик күчтөрүнүн колдоосу менен болгонуна ишаара кылды. Азирети жаштарга кайрылып: “Мен силер жаштардан суранаарым, акыркы жагымсыз окуяларга туура көз караш менен ой жүгүртүп, Ислам дүйнөсүнө татыктуу жана адилеттүү мамиле менен карагыла” – деди.

Бисмиллахи ррахмаани ррахийм
Батыш өлкөлөрүнүн бардык жаштарына кайрылуу:
Франциядагы террордук ачуу окуя дагы бир жолу силерге кайрылуума себеп болду. Тилекке каршы ушундай жагымсыз маселе сөздүн башталышын жаратканы зээнди кейитет, бирок кандай болсо да чогуу ой толгоп чечим кабыл албасак, эки эсе зыянга учурамакчыбыз. Дүйнөнүн кайсы чекитинде болбосун адам өлүмү, эне менен баланын ажыроосу, жубайлардын өлүмгө дуушар болуулары адам баласын ирээнежитип, кайгыга салат. Жүрөгүндө мээрим -махабаты жана адамгерчилиги бар ар бир инсан мындай окуяларга кайыр кош карабас эле. Кандуу согуштар, жардыруулар,адам өлтүрүүлөр Францияда болобу, Палестина, Ирак Ливан же Сирияда болобу бир жарым миллиард мусулман эли да ушундай иренжүү сезим менен анын себепчилери менен аткаргандарды жек көрүп жатышканы маалым.

Маселенин түпкүрү, бүгүнкү кайгыларыбыз эртеңибизге коопсуздук жаратпастан кайра, жарабызды ырбатып, жашообузду жемишсиз калтырууда. Андыктан, мен силер жаштардан үмүттөнөрүм бүгүнкү жагымсыз окуялардан сабак алып, батышты ушул акыбалга жеткирген себептерден арылтып, жаңы жашоо тургузаарсыңар. Бүгүнкү терроризм сиздин жана биздин бирдей дартыбыз экени анык, бирок, акыркы убактагы силер сезген кооптуулук санаркоолор, Ирак, Авганистан, Йемен жана Сирия элинин жылдап тарткан азаптары менен салышытырып болбос. Биринчиден Ислам дүйнөсү аябай зор кайгыга батып, узакка дейре ыракаттуу жашоодон кол жууп келет. Экинчиден аларга болгон чабуул согуштар улуу державалар аркылуу түрдүү жолдор менен колдолуп жатат. Бүгүнкү күнү Америка кошмо штаттары Алькаида менен Талибандардын куралдуу чыгууларында башкы ролдорду ойноп жатышканын билбеген адамдар калбаган. Мындай түздөн түз жардамдардын артында такфирдик терроризмдин колдоочулары саясаттан эң артта калышса да, батышты колдогондор менен бир сапта турушат, ал эми бул жактан бийик ойчулдар менен элдин акылдуу лидерлери ырайымсыздык менен өлтүрүүлүшүүдө.

Батыштын эки тараптуу ыплас оюну алардын пародокстук саясатын билдирүүдө. Ушуга окшош парадокстун дагы бир нышааны Израил өкмөтүнүн терроризмин колдоодо билинет. Палестинанын кордолгон эли 60 жылдан бери запкы жеп келишет. Эгерде европа эли жок дегенде палестиналыктар менен бир күн болуп, алардын жашоолорун өз көздөрү менен көрүшсө, андан өткөн кайгы жок эмес экенин түшүнүшөөр. Бүгүнкү күнү сионистердин басып алууларынан өтөкн терроризм менен жапайычылык бар бекен? Палестиналыктардын үйсүз жайсыз талаалап жүргөндөрүн салыштырууга болобу?

Сионистер режимине эл аралык уюмдардын да сөзү жетпеди, күндө Палестиналыктарга күн көргөзбөй, аял- бала дебестен үйлөрүнөн кубалап, бак талааларын кыйратып жатышат. Атасын, энесин балдарынын алдында жаралап, мусулман аялдардын хижабтарын сыйрып, күч көргөзө кордоп жатышат. Азыркы тапта ушуга окшош дүйнө жүзүндө кордоолор бар бекен? Террористерге кайым айткан аялды жол ортосунда окко учуруп жаткан террорист эмес бекен? Же сионистер режимине каршы сөз айтууга тыюу салынганбы? Алтымыш жылдан бери созулуп келе жаткан бул терроризм болбосо анда эмне экен? Же болбосо көнүмүш адаттай сын алгылардан тиктеп унчукпай отура беришибиз керек бекен? Ислам дүйнөлөрүнө болгон чабуулдардын курмандарын санап болбос! Бул да батыштын “демократиясыбы”? Согуштан кыйраган өлкөлөр элин да жоготту, экономикасын да төмөндөттү, өнүгүүнүн ордуна он жылдап артка кетеңчиктеди. Ислам дүнйөлөрүнө көргүлүктү көрсөтүп, анан унчукпагыла дегендери кандай? “Ал окуяларды унуткула”- деп айткандын ордуна чын дилден кечирим сурашса кандай болоор эле. Ислам дүйнөсүнүн жоготуулары, тарткан азаптары, саткынчылык, эки жүздүүлүктөрдүн кесепетинен тарткан азаптары материалдык жоготуулардан да бийик тураар?..

Кымбаттуу жаштар! Мен силерден үмүттөнөөрүм, азыр болобу же келечекте болобу, бул сырты жалтыратылган калп ой жүгүртүү багыттарын өзгөртөөрсүңөр; коомдо кеңири таралган калп элестетүүлөр чындыкты жашырып, кара ниетин таңуулап турат. Андыктан коомдо коопсуздук менен бейпилдикти камсыздоо үчүн биринчи ушундай экстремистик ой жүгүртүүлөрдөн арылуу керек. Ал эми батыш саясаты эки башка түрдө жүргүзүлүп, бийликтеги алдуу күчтүүлөр терроризмди “жакшы”, “ жаманга” бөлүп турса, мамлекттер өз пайдаларын гумманизм менен ахлактан да бийик коюп турганда экстремизмди башка жактан издөнүн кажети барбы?

Тилекке каршы бул тамырлар жылдар бою акырындык менен батыштын “маданий” саясаттарынын түпкүрүнөн чыгып, башка коомдорго сиңип, акырындык менен басуусун улантып келүүдө.
Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү өз маданияттары менен сыймыктанышат. Маданияттары жүздөгөн жылдар бою эл- коомун өстүрүп, өркүндөтүп келет. Ислам дүйнөсү да ушундай. Бирок, азыркы тапта батыш дүйнөсү жаңы өнүккөн куралдарды колдонуу менен дүйнө жүзүнүн маданияттарын окшош кылууга аракет жасап келет. Мен, батыш маданиятынын таралуусу менен башкалардын улуттук маданияттарынын басынтылуусуна каршымын жана муну байкалбаган бирок, өтө зыяндуу экстремизм катары билем. Бир улуттун бай маданияттарын четке чыгарып, анын эң баалуу үрп адаттарына акаарат келтирүү менен башка бир “маданиятты”ордуна жайгаштыруу болбос. Мисалга “агрессия” менен “ моралдык тартипсиздик” деген эки нерсе тилекке каршы батыш маданиятынын негиздерине айланып, ааламда кеңири тарап, ордун тапкан. Ал эми биз орой, маанисиз, төмөн маданиятты каалабасак күнөөлүү болобузбу? Эгер биз жаштарыбызды буза турган ар кандай “исскуствого” окшош өндүрүштөрдүн өлкөлөрүбүзгө кирүүсүнө тыюу салсак, ката кетирген болобузбу. Мен албетте маданияттардын байланыштарына каршы эмесмин. Жакшы маданияттар айкалышса коомдун өсүшүнө өбөлгө түзүп, улуттардын бири бирине болгон урматын арттырат. Ал эми мажбурланган, натыйжасы бузукулуткту алып келген “маданияттар” тескерисинче коомду зыянга учуратаар...Тилекке каршы ДАИШке окшогон пас топтор да ушундай мажбурлантып жүктөлгөн ийгиликсиз “маданияттардын”натыйжасынан чыккан. Эгер аны акыйда негизинде жаралган десек, анда колониалдык доордон мурда эле Ислам дүйнөсүнөн чыкмак, бирок тарых өзү күбө болгондой мындай радикалдуу, четке кагылган, артта калган экстермистик идея колониализмдин сепкен уругунан өсүп чыккан. Андай болбосо, инсандыкты, адеп ахлакты көкөлөткөн, “бир адамды өлтүрүү- бардык инсандыкты өлтүрүүгө жатат” деп какшаган дүйнөнүн бийик (Ислам) дининен ДАИШке окшогон таштандылар кантип чыгат эле? Ошондой эле Европа өлкөлөрүндө туулуп, ошол жердин тарбия таалимин алгандар бул топко кошулушканы баарына белгилүү. Андыктан, согушка бир эки сапар тартканынан таасир алып, ошончолук ашкереленип келип, мекендештери көздөй ырайымсыздык менен ок аткангандарды кандай түшүнсө болот? Бул согуштун эки күндүк таасириби же башынан эле агрессивдүү бузулган коомдо жаштайынан жараланып жашагандыктын таасириби? Албетте адамдын жан дүйнөсүнө жашаган коомунун таасири зор экенин эстен чыгарбоо керек. Балким, моралдык жактан бузулган чөйрө жылдар бою айрымдардын психикасына терс таасирин тийгизүү менен батыш коомдорунунун адилетсиздиги, бөлүп жаруу мыйзамдары ДАИШтин акыйдасын жараткандыр...

Кандай болсо да коомуңардын катмарларын ачып карап, түйүндөрүн чечмелеп, кектерди жоё турган силерсиңер. Кеткен жаракаларды тереңинен бүтөө керек; терроризм менен күрөшүүдө шашылыш түрдө кабыл алынган ар бир туура эмес ыкма жаракаларды кайра арбындатат. Ачууга алдырылган,ар бир шашылган кадам Европа менен Америкадагы эмгектенип, жоопкерчиликтүү жашаган мусулмандар коомун бушайман кылып, коркунучка салаар, жана мурдагыдан да укуктарынан насипсиз калтырып, коомдон четтетер. Ошентип, алар өткөндөн да аралыктарын алыстатып, кектери катып, көңулдөрү чөгөөр.

Ал эми мыйзам бийлеп, сырткы чаралар көрүлсө келечектеги кыйынчылыктарга жол ачкандан башка натыйжага алып келбейт. Берилген кабарларга каршатуу айрым европа өлкөлөрү жарандарын мусулмандардын артынан аңдытып койгону белгилүү болду. Мындай мамилелер зулумчулукка жатат жана кайра ээсине кайтып келери анык. Албетте мусулмандар мындай мамилеге татыктуу эмес. Кылымдар бою мусулмандар менен бирге жашап алардын маданиятын тааныган чыгарсыңар. Батыштыктар Ислам жерине мейман болуп келишип, ээсинин байлыктарына көз арткан кезде да мусулмандар ашын аяшкан эмес. Мусулмандардын эмгектери менен идеяларынан пайдалангандар да алар тараптан мээримдүүлүк менен сабырдуулуктан башкасын көрбөгөндүр. Андыктан, мен силер жаштардан суранаарым туура таануу, терең ой жүгүртүү менен жагымсыз окуялардан тажыйырба алып, Ислам дүйнөсү менен туура, адилеттүү жана татыктуу мамиле кылгыла. Ошондо гана көп узабай жакшылыктын үзүрүн көрүп, аларга ишеним менен бейпилчилик жашоону арнооңор менен кең келечекке үмүт берилерине күбө болосуңар.

Сейед Али Хаменеи
29.11.2015