AhlulBayt News Agency

source : al Mustafa
Tuesday

27 January 2015

10:33:41 AM
667467

Message of Ayatollah Khamenei to the Youth in Europe and North America in KAZAKH Қырғыз

Message of Ayatollah Khamenei to the Youth in Europe and North America in KAZAKH Қырғыз

Ислам ыңкылабынын улуу жол башчысынын Европа жана түндүк Америка жаштарына кайрылган каты

Ырайымдуу жана Мээримдүү Алланын аты менен! Европа жана Түндүк Американын бардык  жаштарына кайрылам!

Францияда болуп өткөн акыркы окуялар жана башка ушуга окшош батыш өлкөлөрүндөгү окуялардан улам ушул сөзүм менен силерге кайрылууну туура деп чечтим. Мен, силер жаштарга кайрылам!

Силердин ата- энеңерди көңүлгө албаганымдан эмес, силерди өлкөнүн келечектери катары сезип, силерге гана кайрылып жатам. Ошондой эле өз катымда силердин саясатчыңар менен жетекчиңерге кайрылам, анткени алар саясатты чындык жолдон атайылап буруп алышканына көзүм жетип турат.

Мен силер менен Ислам тууралуу сүйлөшкүм келет, өзгөчө силерге сүрөттөп жатышкан “Исламдын” образы тууралуу баяндагым келет. Акыркы өткөн жыйырма жылдыкта, тактап айтканда Советтер союзу ураган соң бул улуу дин тууралуу кандайдыр бир коркунучтуу душман катары таанытууга аракеттер жасалынган.Тилекке каршы батыш өлкөлөрүндө бул динди жаман көрсотүп, ага карата жек көрүүлөрдү пайда кылууга аракеттер жасалып жатат.

Батыш саясаты эки жүздүүлүк менен башка элдин маданиятын, тарыхын талкуулап жатканы баарына айкын.  Европа менен Америка тарыхы болсо кулчулуктун, рассизмдин жана башка диндегилерди кордуктап, зомбулоо окуяларына толгону баарына маалым.

Силердин тарых изилдөөчүлөрүңөр биринчи экинчи дүйнөлүк согуш деген шылтоо менен канчалык кан төккөндөрүн, дин арасындагы католик менен протестанттар арасындагы жана башка улуттар арасындагы кандуу согуштарды баяндап берүүдөн уялышса керек. Андай болсо да алкоого татышат.

Мен буларды эскертип отуруп, тарыхты жоопко тартайын деген ниетим деле жок, бирок силер ошол ойчулдарыңарга бир суроо жөнөтсөңөр туура болот деп ойлом: Эмнеге Батыш кечиккенде, бир канча жылдар, ккээде бир канча кылымдар өткөндө гана чындыкты айтып, кылгандарына бушайман болушат? Эмнеге өткөндү гана эскеримиш болуп, чындыкка таянышат, эмнеге күнүмдүк жасалып жаткан зыяндарын, жамандыктарын талкуулап, чечим кабыл алышпайт?

Силер доомат келтирүү, маскаралоонун артынан кектер, согуштар пайда болоорун, ал эми аларды жаратып жаткандар өз кызыкчылыктарын ойлоп жатышканын жакшы билесиңер.  Ал эми азыркы тапта батыш өлкөлөрү баягы эле эски саясатын аркалап, бул жолу Исламга карата мээлеп жатканына кандай жооп берет элеңер? Эмнеге державалар ислам идеологиясы өчүп, четте кала берүүсүн көздөшөт? Алардын Исламдан мынчалык корко тураган кандай себептери бар? Алар чыныгы Исламды тескерисинче көрсөтүүдө кандай пайдаларды табышат? Мен силерге ушул суроолорду өзуңоргө берип, жооп алуу үчүн Исламга карата кезегендердин негизги максаттарын терең талдооңорду суранам.

Экинчиден суранарым, терс, далилсиз пропагандаларга карата жооп катары ушул дин тууралуу туура маалымат, билим алууңар абзел. Туура ой жүгүртүп, адилеттүлүк менен калыстык кылсаңар, окуянын акыйкатына жетсеңер. Албетте мен силерди менин Исламга көз карашымдай карагыла деп үгүттөбөйм, бирок силер бул дин тууралуу өз кызыкчылыктарын, максаттарын көздөгөндөр аркылуу таанышпай, өзүнчө калыстык менен карагыла деп суранат элем.

Алардын анткорлук менен террористерди жалдап алуу менен тааныткан Исламы менен таанышпагыла. Исламды башатынан тааныгыла, куран аркылуу, Ислам пайгамбарынын жашоо жолу аркылуу тааныгыла. Силер буга чейин Исламды пайгамбардын айтуусу боюнча окудуңар беле же жалаң гана жарялар аркылуу таанып келе жатасыңарбы?

Силер Ислам аалымдары дүйнөгө кандай цивилизация тартуулаганынан кабарыңар барбы? Силер мындан ары сезимге алдырбай, акыл менен калчап калыс кылууңарды суранат элем.  Эки жүздүулөрдүн, өз кызыкчылыктарын аркалагандардын максаттарына кол кабыш кылып, ишке ашырбагыла. Силер өз алдыңарча изиденсеңер, ой толгосоңор көптөгөн акыйкатка кол байлайт элеңер. Андыктан алдыңарда турган мүмкүнчүлүктөрдү колдон алдырбагыла.

 

Сейед Али Хаменеи

21.01.2015